КР УКМК: Чолпон-Ата шаарындагы “Жетиген” базарынын – “Курорторг Жетиген” ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды

         УКМК тарабынан «Курортторг Жетиген» ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.

       2024–жылдын 23-апрелинде УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы “Жетиген” базарынын – “Курорторг Жетиген” ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмышка шектүү катары кармалды.

       Учурда тергөө иштери уланууда.