КР УКМК: «Борбордук Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын Нарын облусундагы аңчылык жерлери боюнча

      Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнүн аймагындагы  буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум К.Асанбекке тиешелүү адамдарга тийиштүү болгон  «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын 76626,4 га жер аянты жана 37 млн сомдон ашык курулуш объектилери мамлекеттин балансына кайтарылды.

         Р.К. аттуу жаран К. Асанбектин криминалдык көзөмөлү астында, кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан, аянты 76626,4 га болгон “Борбордук Азия мергенчилик клубу” ЖЧКсынын аңчылык жерин төмөндөтүлгөн баа боюнча ээлеп алгандыгы аныкталды.

     Турак жай-коммуналдык чарба инспекциясында катталган материалдарды тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объект тиешелүү юридикалык жана нотариалдык жол-жоболорду сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Ал эми баалоо экспертизасынын жыйынтыгында «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын бардык объектилеринин базар наркы 37 млн.сомдон ашык экендиги аныкталды.

     Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында бул кылмышка башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.