КР УКМК: Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды

2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.

         Кармалган К.А. кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.

         Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.          Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө