КР УКМК: Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. жаран Никита Александрович Гончаровго КР идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды

     2023-жылдын 12-июлунда “Facebook” социалдык тармагында жаран Никита Александрович Гончаровдун Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын атына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуусу жарыяланган.

     Үй-бүлөлүк оор шарттарга ылайык, Н.А. Гончаровдун жети жашында апасы ооруп калганына байланыштуу каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун ала алган эмес.

     Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.

     Улуттук коопсуздук органдары тарабынан өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.

2023-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз          Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Гончаров Никита Александровичке Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.