УКМК: «Ягуар» ичимдиги боюнча

Кыргыз Республикасынын УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, 2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына Тажикстан Республикасынан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги алкоголдук продукция аныкталган.

Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргыз Республикасынын жараны К.А.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстан Республикасынын аймагына качып кеткен.

Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.