УКМК: «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун түштүк аймагы боюнча лидери аталган чет элдик жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында көмүскө экстремисттик тармакты уюштурган, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун лидери чет элдик жарандын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду.

Кармалган И.Ш.Ш. Өзбекстан Республикасында “Хизбут-Тахрир” ДЭУ аймактык жетекчиси болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында жана Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарында “Хизбут-Тахрир” түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстан Республикасынын аймагында расмий издөөдө жүрүп, Кыргыз Республикасынын аймагында жашынырууга аракет кылганы аныкталды. Көрүлгөн процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстан Республикасына өткөрүлүп берилди.