УКМК: Террордук ишмердүүлүккө катышкан деп издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирип келген, террористтик ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет мамлекеттердин биринин 1965-жылы туулган М.М.Ф. аттуу жараны кармалды.

            М.М.Ф. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын идеяларын жайылтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын азгырып жалдамчылык иштерди жүргүзүп жүргөн.

            Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди

            Азыркы учурда ЭТУнун ишмердүүлүгүнө тиешелүү байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.