УКМК: Диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаран кармалды

2022-жылдын 8-сентябрында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине  катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.

         Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ок-дарылар, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылып алынды.

         Азыркы учурда кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.