КР УКМК: Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А. кармалды

          Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 2022-жылдын 31-октябрынан 1-ноябрына караган түнү, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 000 сом талап кылган Ош облусунун ИИБнын Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлер 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты.

           Азыркы учурда, кармалгандар КР УКМК Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.