ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИСТТИК УЮМДУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

2020-жылдын 16-декабрында КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү КР жараны  “С.Т.” кармалды.

Такталгандай, “С.Т.” Сирияда согуштук даярдыктан өтүп жана Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайынны тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан “СТ” тарабынан жасалган кылмыштардын башка эпизоддорун жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси уланып жатат.