УКМК: Кыргыз Республикасынын УКМК маалымат агенттиктеринде “Афганистан Ислам Республикасына Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.

2021-жылдын 16-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.

Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган.