2023-жылдын 24-июлунда КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы такталбаган мамлекеттик чек ара тилкеси аркылуу малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы катталды. Ошол учурда чек арачы тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандарды кармоо аракети көрүлгөн, бирок бир топ адамдар чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, мамлекеттик чек арадан мал айдап өтүүнү улантышкан.
Мыйзамсыз аракеттерди токтотуу максатында чек ара отряды эскертүү иретинде асманга ок чыгарган, бирок аткезчилер аларга карата агрессия көрсөтүп, бийлик өкүлдөрүнө кол салууга аракет кылышкан.
Ошол эле күнү жогорудагы фактылар боюнча КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан 231-берененин 1-бөлүгү «Экономикалык контрабанда», 378-берененин 2-бөлүгү «Мамлекеттик чекарадан мыйзамсызөтүү»,374-берененин 2-бөлүгү “Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар 5 адам кармалып, Жалал-Абад облусунун УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.