
УКМК: Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк Кеңешинин кырк үчүнчү отуруму болуп өттү
- March 7, 2025
- 11:51
2025-жылдын 7-мартында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк Кеңешинин кырк үчүнчү отуруму болуп өттү. Иш – чарага Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегациялары, ШКУнун РТКТ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү жана ардактуу конок катары ШКУнун Башкы катчысы катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун РТКТ Кеңешине ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө доклады жана 2026-2030 – жылдарга экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасынын долбоору макулдашылды.
ШКУнун РТКТ Кеңеши тарабынан төмөнкүлөр бекитилди:
- ШКУнун РТКТ Кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат;
- 2022-2024-жылдарга терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасын 2024-жылы ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жана ШКУнун РТКТ Аткаруу комитетинин иши;
- интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы биргелешкен чараларды ишке ашыруу практикасын улантуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Кыргыз Республикасында ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин он биринчи отурумун, Беларусь Республикасындагы ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук окууларын жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна караштуу байкоочу мамлекеттердин Өзбекстан Республикасындагы Эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө он биринчи эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Аны менен катар ШКУнун РТКТ Аткаруу комитетинин ишмердүүлүгүн уюштуруу, кадрдык жана финансылык камсыздоо маселелери каралды.
ШКУ РТКТнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын бир катар кызматкерлери жана ШКУ РТКТ Аткаруу комитетинин кызмат адамдары Кеңештин Ардак грамотасы жана ШКУ РТКТнын эстелик төш белгиси менен сыйланышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ШКУнун РТКТ Аткаруу комитетинин ишмердүүлүгүнө оң баа берилип, кеңештин кезектеги жыйынын Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
Жалпылап айтканда Кеңештин жыйыны иштиктүү жана достук маанайда болуп өттү.




