УКМК: КР Профсоюздар федерациясынын КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин мурдагы төрагасы жана КР КПФнын “Гвоздика” балдар лагеринин мурдагы директору коррупция фактысы боюнча кармалды
КР УКМК мамлекеттик органдарда, ишканаларда жана уюмдарда системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын аныктады. Ушул жылдын 19-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин мурдагы төрагасы А.Т., КР КПФнын “Гвоздика” балдар лагеринин мурдагы директору Б.Б., Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы «Красная гвоздика» балдар лагерин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан «Ак-Суу» эс алуу үйүн мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кармалган адамдарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.