КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3- бөлүгүндө (массалык баш аламандык) каралган кылмыш иши боюнча козголгон ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу “Бишкек-Москва” маршруту боюнча КР аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда “Facebook” социалдык тармагынын деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж.А. аттуу жаранды кармады. Тактап айтканда, аталган Б.Ж.А. өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында «Facebook» социалдык тармагындагы өзүнүн аккаунту аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Б.Ж.А.га карата КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. КР УКМК массалык баш аламандык уюштуруу жана ага катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул үчүн КР мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралган.