УКМК: “АКШ-КР-РФ” багыты боюнча ок атуучу курал-жарактарды контрабандалоонун туруктуу каналын уюштурган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун иши аныкталып, бөгөт коюлду

КР УКМК «АКШ-КР-РФ» багыты боюнча ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана аскердик техниканы мыйзамсыз жүгүртүү жана алып өтүү боюнча туруктуу канал түзгөн трансулуттук топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, токтотту. 

Алсак, 2022-жылдын апрелинен тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана АКШнын жарандарынын тобу, эсепке алынбаган “Глок”, “CZ”, “SIG SAUER” үлгүсүндөгү  тапанчаларды, «АР-15», «SIG SAUER» 5,56-223 мм калибриндеги автоматтарды, “Беннели” мылтыктарын жана алардын ок-дарыларын мыйзамсыз ташуунун жана сатуунун эл аралык каналын уюштурушкан.

КР жараны С.М.М. жана башка адамдар (тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарылбайт) АКШнын аймагында өндүрүшчүлөрдүн интернет сайттарынан ок атуучу куралдарды сатып алып, аларды ар кандай видео аппаратурага жамынып,  жашыруун жерлерге катышып, почта жөнөтмөлөрү  аркылуу Кыргыз Республикасына алып барышып, ал жерде негизги бөлүктөрүнөн ок атуучу куралды колдонууга даяр комплект түзүп, андан ары мыйзамсыз сатуу үчүн Россияга жөнөтүшкөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан тартып азыркы учурга чейин алар тарабынан Кыргыз Республикасы аркылуу Россияга 300дөн ашык ок атуучу курал жөнөтүлүп, мында крим чөйрөнүн өкүлдөрү негизги кардарлар болуп саналышкан.

2025-жылдын 23-январында АКШдан кезектеги партияны алып жаткан учурда Кыргызстандын С.М.М. аттуу жараны кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 5,56-223 мм калибрдеги күжүрмөн автоматтын эки даана стволу жана Глок-34 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын стволу алынган.

2025-жылдын 25-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан С.М.М.ди КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.