2025-жылдын январь айында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булактары жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган жаран К.К.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң процессуалдык чечим кабыл алгандыгы үчүн УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган. 2025-жылдын 25-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында К.К. аттуу жаран КР УКМК кызматкерлерине 29 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.