2025-жылдын 11-февралында, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында, Талас балык чарба мамлекеттик ишканасына тийиштүү, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу Боо-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 16,5 га №1 сандуу көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталып, аукционду уюштуруу жана көлмөну сатуу иштерине шектүү катары, КРнын УКМКнын Талас облусу боюнча Башкармалыгы тарабынан төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер аныкталып кармалышты.
– 1974-жылы туулган Ш.А.Ж. – (Бакай-Ата райондук сот аткаруучу);
– 1962-жылы туулган Ж.Б.Н. – (Бакай-Ата райондук салык башчы);
– 1969-жылы туулган Ч.М.А. – (көлмөнү мыйзамсыз сатып алган ЖИ).
Иликтөө иштерин жөнгө салыш максатында, жогорудагы адамдар Талас облустук ИИМ убактылуу кармоо жайына 1 айга камакка алынышты. Тактап айтканда, алар өз кызыкчылыктары үчүн аталган көлмөнү 874 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкен.