КР УКМК: Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси кармалды

КР УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, 2025-жылдын 29-январында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалды.
Тергөө көрсөткөндөй, жогорудагы кызматкерлердин жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуу менен кыздардан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган.
Мындан улам, кармалгандар КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.