КР УКМК тарабынан шаар куруу жана архитектура системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу маалымат келип түшкөн. Такталгандай, аталган М.К. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду “пара” берүүгө мажбурлаган. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иш козголуп, 2025-жылдын 3-февралында, мурда алынган «параны» кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалып, тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.