КР УКМК: Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы чарбалар аралык «Плодородие» ишканасынын 2,17 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

       КР УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында жайгашкан мурдагы чарбалар аралык “Плодородие” ишканасынын жалпы аянты 2,17 га жер участогу мамлекетке кайтарылды.

      «Плодородие» чарбалар аралык ишканасы 1979-жылы аймакты айыл чарба азыктары, сырьёлорду өндүрүү жана кайра иштетүү менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.

       Ошол эле жылы,  Ак-Талаа районунун Эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен “Плодородие ” чарбалар аралык ишканасына Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында өндүрүштүк жана маданий-тиричилик объекттерин куруу үчүн 2,17 га жер тилкеси бөлүнүп берилген.

       1993-жылы чарбалар аралык ” Плодородие ” ишканасы “Камкор” ачык акционердик коому (ААК) болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси болуп К.З. шайланган.

       2007-жылы “Камкор” ААКсы документтерди жасалмалоо жолу менен жоюлуп, “Ак-Талаа-Камкор” деп кайра аталгандан кийин К.З. курулуштары жана 2,17 га аянты бар бул ишкананы Т.Б. аттуу жеке тарапка өткөрүп бергендиги аныкталган.

       2014-жылы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа филиалы тарабынан Н.Т. атынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

       Бул объект тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысына ылайык Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилди.