Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР УКМК тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүдөгү коррупциялык схеманын бети ачылды. Тергөөнүн жүрүшүндө айрым адамдар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен бүтүм түзүп, материалдык пайда алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалардын лицензиясын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурушкандыгы аныкталган. Ошентип, 2025-жылдын 27-февралында Талас облусунун Айтматов райондук сотунун өкүмү менен аталган тармактагы коррупциялык схеманын уюштуруучулары Э.Д.Н. жана М.В.И.нин төмөнкү мүлктөрүн конфискациялоого өкүм чыгарылды.
«LEXUS LX570», 2018-ж;
«TOYOTA LAND CRUISER», 2024-ж;
«TOYOTA CAMRY», 2020-ж;
«TESLA MODEL Y», 2023-ж;
«LEXUS LX600», 2022-ж;
«BMW X5», 2018-ж;
«LEXUS LX570», 2019-ж;
«PORSCHE CAYENNE», 2020-ж;
Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринде 4 унаа токтотуучу жай;
Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплексиндеги турак эмес жайлар;
Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринен 4 батир;
Бишкек шаарынын «Браво» коттедж шаарчасында (Орто-Сай айылы) жайгашкан 2 турак жай;
Бишкек шаарынын «Ордо» VIP шаарчасындагы (Орто-Сай айылы) 2 турак жай;