Жеке менчикке мыйзамсыз берилген мамлекеттик объектилерди жана жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 0,10 га жер тилкеси кайтарылды. Тактап айтканда, 2004-жылы Кара-Суу шаарынын райондук мамлекеттик администрациясынын аймагында жайгашкан 0,10 га жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга айрым кызмат адамдары көмөк көрсөткөндүгү аныкталган. Жеке менчикке өткөндөн кийин аталган аймакка жеке адамдар тарабынан коомдук тамактануучу жай курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси курулушу менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылган. Учурда тиешелүү иш-чаралар улантылууда.