КР УКМК: “Ак-Башат” айыл аймагынын мурдагы жетекчиси жана подряддык компаниянын директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө ирригациялык системаны жакшыртууга багытталган бюджеттик акча каражатын чыгаруу фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы (азыркы Панфилов районунун Курама а/а башчысы) К.У.Т., подряддык компаниянын директору А.у.Т. менен биргеликте ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
КР Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.
Аталган адамдар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.
Учурда бул кылмыш ишинин алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.