КР УКМК Академиясынын базасында мамлекеттик сырларды коргоонун актуалдуу маселелерине арналган конференция болуп өттү

2025-жылдын 27-февралында КР УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясынын базасында мамлекеттик сырларды сактоонун актуалдуу маселелерине арналган конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, маалымат коопсуздугу тармагындагы адистер, жалпысынан 70 адам катышты.

Конференцияда «Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктар жана коркунучтар» деген темада КР УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясынын башчысы генерал-майор К.Н.Бокаев сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары, катышуучулардын алдында мамлекеттик сырларды коргоонун укуктук аспектилери жана санариптик тобокелдик шарттарында маалыматты коргоо жөнүндө КР УКМКнын кызматкерлери менен  маалыматтык коопсуздук жаатындагы адистер баяндама жасашты.

Ошондой эле, жыйындын алкагында тематикалык тасма көрсөтүлдү. Катышуучулар маалыматты коргоо механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулап,  тажрыйба алмашышты.

Конференция дискуссия жана жыйынтыктарды чыгаруу менен аяктады, ошондой эле мындан аркы иштер үчүн сунуштар иштелип чыкты. Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар өлкөнүн маалыматтык коопсуздук системасын өркүндөтүүдө жана заманбап чакырыктардын шарттарында мамлекеттик сырларды ишенимдүү коргоону камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.