КР УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын жетекчилигине таянып, өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын ээлеп алган алдамчы кармалды

КР УКМК Жалал-Абад шаарынын Хамракулов Искандер аттуу тургуну алдамчылык фактысы боюнча кармалды.
Аталган И.Хамракулов КР УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен байланышым бар деген жалган маалыматтарды коомчулукка таратып малымдоо менен, укук коргоо жана сот органдары тарабынан кылмыш ишин козгоо маселелерин чечүү боюнча кызмат көрсөтуп жүргөнү аныкталды.
2024-жылдын октябрь айында Д.Н.Д. аттуу жаран КР УКМК тарабынан Каракөл шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинен жер тилкелерин мыйзамсыз алып койгон деген айып менен кармалган.
Бул жагдайдан пайдаланып, И.Хамракулов КР УКМК Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен тыгыз байланышы бар экендигин айтып, айыпталуучу Д.Н.Д.нын туугандарынан баш коргоо чарасын өзгөртүү жана кылмыш ишин андан ары токтотуу үчүн 15000 АКШ доллары түрүндөгү акча каражатын алган.
Жыйынтыгында аталган акча каражат И.Хамракуловго берилип, ал эми айыпталуучу Д.Н.Д. келтирген зыяндын ордун толтуруп, ага карата кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
Ошондой эле, И.Хамракулов 2024-жылдын ноябрь айында 4 жылга эркинен ажыратылган А.Я.И. аттуу жарандын жакындарынан соттун өкүмү менен белгиленген жазаны өзгөртүүдө ортомчулук кызмат көрсөтүүнү айтып, кайрадан акчалай сыйлык сураган.
Натыйжада И.Хамракулов соттолгон А.Я.И.нын туугандарын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана КР УКМКнын Жалал-Абад облустунун башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен байланышы бар экендигине ишендирип, 1 287 000 сом акча каражатын ээлеп алган.
Учурда И.Хамракулов кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
КР УКМК кармалган И.Хамракуловдун бул ишке окшогон кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендерди (03722-5-49-61 жана WhatsApp – 0995 012210) ишеним телефонуна чалып коюуну суранат.