Day February 22, 2024

КР УКМК: Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду

      УКМК Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуулуктун материалдык негиздерин жана финансылык шарттарын жоюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №25 мекемесинин шартында иштеген «воровского общака» деп аталган кылмыштуу топтун каржылоо…

КР УКМК: Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды

УКМК Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, аталган мекемеде  акча каражаттарын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталып, бул региондогу экономикалык активдүүлүктүн…

КР УКМК: «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды

      УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. тарабынан  уюштурулган (Аталган фирма- Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана  көмүр жеткирип турат), өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныктады.       Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү…

КР УКМК: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

 УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.              “Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга…

УКМК: КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды

УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 – февралында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.             Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын…

УКМК: КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды

        Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине «С.А.» Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген «Б.А.»га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.         Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым «С.А.» оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны палатадан…

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды

        КР УКМК  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин активдүү жардамы  менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардан опузалап акча талап кылуу жана өндүрүү фактыларын аныктап, бөгөт койду.        Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан акчалай компенсация…