УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун ишкерлер тарабынан каржылоо фактысы аныкталды

     УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жана мүчөлөрүн каржылоо булактарын, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган акча каражаттарын легалдаштыруу механизмдерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун ишмердигин КМШ өлкөлөрүнүн аймагында иш жүргүзгөн “Т.И.” компаниялар тобунун жетекчилери тарабынан каржылоо жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды.

      Тактап айтканда, аталган компаниянын негиздөөчүсү С.Р.М К.Асанбек менен тыгыз байланышта болуп, анын уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу иштерин колдоо үчүн ай сайын системалуу түрдө 40 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын берип тургандыгы  аныкталды.

      Өз кезегинде К.Асанбек Россиянын жана башка өлкөлөрдүн криминалитетинин арасында өзүнүн кылмыштуу байланыштарын пайдалануу менен бизнес-долбоорлорго колдоо көрсөткөн, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында жана КМШнын башка өлкөлөрүндө С.Р.М.нын  жана анын “Т.И.” компаниясынын коммерциялык кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жардамдашкан.

       Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында 2024-жылдын 16-майында “Т.И.” компаниясынын негиздөөчүсүнүн  өкүлү Б.С.В. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү  С.Р.М.га издөө жарыяланды.