Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт!
- November 14, 2024
- 15:19
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
* жашы 17-21 жашка чейин;
* бою 170 см жогору;
* салмагы кеминде 60 кг;
* билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;
* өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган;
* өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.
Аңгемелешүүгө келген талапкерлердин жанында төмөнкү документтер болушу шарт:
– паспорттордун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн (талапкердин жана анын жакын туугандарынын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– аскердик билеттин көчүрмөсү (убактылуу күбөлүк) же каттоо күбөлүгү;
– жалпы билим берүү мекемелеринин 11-класстын окуучусу үчүн 1-жарым жылдыктын отчеттук баракчасы;
– атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн толук билими тууралуу аттестат;
– жашаган жери боюнча бейтапканадан ден соолугу тууралуу маалым кат (форма-027У);
– жакын туугандарына карата маалыматтарды көрсөтүү менен толук өмүр баян (басма түрүндө);
– сүрөт, 3×4=4 даана , 9×12=2 даана;
– туулгандыгы тууралуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө, никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн, талапкердин жана анын жакын туугандарынын паспортторунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын жашаган жеринен маалым кат;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын окуган жеринен маалым кат;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын иштеген жеринен маалым кат;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын КР ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
– талапкердин окуган жеринен мүнөздөмө;
– жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө негизги тест боюнча ЖРТ жыйынтыгынын көчүрмөсү;
– талапкердин (жашы жеткен) жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны банктык, салыктык жана бажылык сырды түзгөн маалыматтарды ачуу жөнүндө милдеттенме менен белгиленген тартипте тапшыргандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар;
– скоросшиватель – 1 даана.
Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:
– дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;
– дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
– психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
-полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
– кирүү экзамендерин тапшыруу.
Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
– Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;
– Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;
– Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
– Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
– Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
– Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
– Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
– Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.
Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалыматты кабарлайбыз.