КР УКМК: Эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү кармалды

       КР УКМКнын ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу, КР ИИМдин  Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан  жүргүзүлгөн «Контролдук сатып алуу» атайын операциясынын жыйынтыгында, трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Каракол шаарынын үч тургуну кармалды.

      Кармалган жарандар эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү, ошондой эле “СК 2450” жана “Хорошее настроение” телеграмм-каналдарынын негиздөөчүлөрү болушкан. Белгилей кетсек, аталган каналдар аркылуу “соль” жана “Мефедрон” синтетикалык баңги заттарын сатуу иштери жүргүзүлгөн.

        Кармалган А.Ш.Х., Ш.И.А. жана  Ч.Р.С.нын  жашаган жерин тинтүү учурунда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүндө (Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги боюнча көптөгөн материалдык далилдер табылган.

         Учурда тергөө иштери уланууда.