КР УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген адамды “положенец” статусуна дайындоо аракети токтотулду

      УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү А.у.Б.ны Талас облусу боюнча “положенец” кылып дайындоо ниетине бөгөт койду.

      Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Талас облусу боюнча ИИБ менен биргеликте КР УКМК тарабынан аталган А.у.Б.ны алып келүү ишке ашырылды.

      Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын  натыйжасында А.у.Б. уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуудан ,криминалдык дүйнөнүн идеологияларынан  толугу менен баш тартты жана мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.