Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш – чараларды жүргүзүүнүн алкагында буга чейин “Мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин ишин РФнын ири бизнесмендеринин бири- Тё Павел Владимирович тарабынан каржылоонун айрым фактылары аныкталган. Деген менен, 2024-жылдын 19-мартында П.Тё Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусунда тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси жоктугуна байланыштуу П.Тёге карата мурда коюлган айыптар алынып салынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.