КР УКМК: Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

          УКМК тарабынан Сокулук районунун ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 2024-жылдын 18-февралында Сокулук районунда жайгашкан “Аполлон” мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 15.06.1983-ж.т. К.Д.Э. жана 14.09.1987-ж.т. Г.В.С. кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

          Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8000 сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды. Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган С.А.Д. аттуу администратору кармалды. 

          КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

          Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.