КР УКМК: Р.Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү
- February 8, 2024
- 08:25
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР Президенти С.Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын алдыга жылдыруунун алкагында, Р.Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Тактап айтканда, Р.Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларын (3 млрд 98 млн 134 миң сом) түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди.
– Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң АКШ долларды түзөт;
– Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң АКШ долларын түзөт;
– Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;
– Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн АКШ доллары;
– Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң АКШ долларды түзөт;
– Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң АКШ доллары;
– Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң АКШ долларын түзөт.
Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.