КР УКМК: Көзөмөл өткөрүү пунктундагы аскер кызматчыларынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюулду
- September 14, 2024
- 08:33
КР УКМК тарабынан кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын (КПП) аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.
Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында КР Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 30-августунда Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Өзбекстандын Р.С.А аттуу жараны кармалды. Жалпы жарандык паспортту иликтөөнүн жүрүшүндө 38-бетте КРга кирүү жөнүндө “Достук а/д” көзөмөл-өткөрүү пунктунун 2024-жылдын 2-сентябрына чейинки дата-штампы коюлганы аныкталган.
Тактап айтканда, Өзбекстан Республикасынын жараны Р.С.А. Ош шаарына келээр учурда, ал өз кезегинде «Достук автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчысы Ж.Ж.У.нун ишенимине кирип, андан соң Кыргыз Республикасына кирүү үчүн, 1987-жылы туулган КР жараны И.Р.Кны (ортомчу) пайдаланып, 300 АКШ долларын жана “Ош-аэропорт” көзөмөл өткөрүү пунктундагы аскер кызматкери А.у.Кга өздүк паспортун берип, мөөр басууну (анын ичинде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалымат базасына маалыматтарды киргизүүнү) суранган.
Мындан улам, УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан Өзбекстан Республикасынын жаранына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иши козголуп, жогоруда аталган жаран тергөө абагына киргизилди. Ошондой эле, көзөмөл-өткөрмө пунктунун аскер кызматкерлери А.у.К жана Ж.Ж.У.га байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чараларды көрүү үчүн Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилди.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери аброюна шек келтиргендиктен аскердик кызматтан бошотулган.
Учурда бул багыттагы иштер улантылууда.