КР УКМК: “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү аталган уюмдун идеологиясынан баш тартышты

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгү “Экстремисттик иш-аракетти жүзөгө ашырууга байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишмердигине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, жарандарды жалдоо, ыктоо жана анын ишине тартуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен  жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү.

      Анда 1983-жылы туулган И.З.А.  аттуу экстремисттик топтун лидери  жана «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 9 мүчөсү кармалды.

      Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

      Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн азайтуу максатында (Баткен ш., Кызыл-Кыя ш., Баткен жана Кадамжай райондорунда) аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө КР УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында  алар «Йакын Инкар» ДЭКтин радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

       КР УКМК ар кандай радикалдык-экстремисттик уюмдардын жактоочуларынын кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.