Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш – чараларды жүргүзүүнүн алкагында, “Мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири- Джуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоонун айрым фактылары аныкталган. Бирок, 2024-жылдын 19-июнунда В.Жуманбаев Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында В.Жуманбаевге мурда коюлган айыптар, УКТнын ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу алынып салынды жана сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.