УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Тажикстандан Өзбекстанга Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги каражаттарын ташуу менен алектенген туруктуу трансчегаралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 2024-жылдын 24-июнунда Ноокен районунун Бобуй айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун жашоочулары У.Д.М. жана Б.М.Х кармалды. Алар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 2,4 кг болгон «Ооган чарсы»
аталышындагы гашишти ташып өтүүгө ниеттенген.
Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.