КР УКМК: Жалал-Абад облусунда кызмат адамдары 5 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз пайдаланышкан

      УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

      Тактап айтканда, маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары такталды.

      Текшерүүнүн жыйынтыгы жана чогултулган материалдардын негизинде КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголду.

      Козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы директор Н.Ж.Н. жана башкы бухгалтер Б.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

      Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.