УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иштердин алкагында ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн КР аймагына “Ак-Тилек”, “Ак-Жол” жана “Чалдыбар”көзөмөл өткөрүү пункттары аркылуу ташылып келинген товарларга жүк коштоочу документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, алынган маалыматтарга, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган журналисттик иликтөөлөргө ылайык, чек ара пункттары аркылуу КР аймагына товарларды ташып келүүдө/импорттоодо коррупциялык көрүнүштөр орун алып, анда КР жараны А.А.Т., жыгач материалдарынын иш жүзүндөгү наркын жана санын төмөндөтүү жолу менен, ишкердик субъекттеринин айрым өкүлдөрү менен биргеликте тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, Кыргыз Республикасына товарларды импорттоо үчүн негиз болуп саналган ЕАЭБдин токтому менен белгиленген эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздарын жасалмалоо менен алектенген.
2024-жылдын 21-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.А.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан республикалык бюджетке жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыга тиешеси бар башка адамдарга келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.