Экономикалык коопсуздукка багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек ара кызматкерлери менен биргеликте Талас районунун аймагынан аткезчилик жол менен (акцизсиз) тамекилерди алып чыгуу аракетин токтотту.
2024-жылдын 25-июнунда “Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кароо» чек ара тозоту тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып келе жаткан учурда А.Н.Н. аттуу КР жараны башкарып бара жаткан «DAF» үлгүсүндөгү 07KG932ACQ мамлекеттик каттоо номердик белгиси жана 07KG614PA мамлекеттик номурлуу чиркегичи бар жүк ташуучу унаа кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорттун ичинен милдеттүү акциздик салык салынуучу 716 кутучадан акциздик маркасы жок “ORIS” маркасындагы тамеки буюмдары табылды. Кармалган жүктүн баасы болжол менен 17 миллион сомду түзөт.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана укуктук баа берүү үчүн материалдар автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат журналына катталды.