КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн Эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-апрелинде Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн, “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстан Республикасынын жарандары М.З. жана М.Ф. кармалды.
Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү») боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.