КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Аңкур-Сай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.