КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл райондук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата жалпысынан 150гө жакын кылмыш/жарандык иштердин жоголушуна алып келген кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин (Шалаакылык) негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштери жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон.
Азыркы учурда күнөөсү бар адамдарды аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.