КР УКМК: “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун колдоочусу, «Катиба Таухид Валь-Джихад» ЭТУга тиешеси бар, Ош шаарында туулган З.Х.Г. аттуу жаранга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

            Алдын алуу иш-чарасында З.Х.Г.га Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган уюмдардын ишине тыюу салынганы жана ага катышуу КР мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жазасы каралганы түшүндүрүлдү.

            З.Х.Г. карата мурда тинтүү жүргүзүлгөн учурунда тыюу салынган экстремисттик материалдар табылып алынган, буга карата “ХТ” ДЭУнун жетекчилери менен болгон байланышынан расмий түрдө баш тартканын мойнуна алды.

            Бул багыттагы иштер уланууда.