КР УКМК тарабынан Талас районунун “Кадастр” ММ, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов а/а айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду, алар 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.
Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.