КР УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалды

2023-жылдын 16-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык турдо мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери  Т.Т.Т. кармалды.

         Кармалган жаран, мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып, жана ошондой эле кара озгой максатты коздоп Олко башчысы, УКМК торагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшеруу иштерин жургузуп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.   

         Айта кетсек, Жалал-Абад областынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 мин жана 10 мин АКШ долларын алуу фактысы такталды. 

         Кармалган жаран алдамчылык жол менен, КР кээ бир жарандарын 150 000 (жуз элуу мин) сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чонток телефонун алдырып, кийинчерээк озу тартып алган. Ошондой эле, Т.Т.Т. бир нече ирет алдамчылык жолу менен, айдоочу куболук алып берем деген убада берип, жарандардан коп суммадагы акча алып келген. Анткени, кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда Жалал-Абад областында ГП «УНАА» КР ИИМнин региональнык болумунун болум башчы кызматын ээлеп турат.

         Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

         Буга байланыштуу, кармалган Т.Т.Т. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдарды, Олко башсынын, УКМК торагасынын жана Башкы прокурордун атын жамынып алып коркутууга дуушар болгон жарандарды  УКМКнын дарегине кайрылуунуздарды суранабыз.