КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү кармалды

          Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында прокуратуранын улук тергөөчүсү А.А.К. 100 000 сом пара талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды. А.А.К. өзү тергеп жаткан О.Э.га карата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган.