КР УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына кире бериште 7 млн 500 миң сомдон ашык суммадагы товардык-материалдык баалуулуктарды тиешелүү жүк ташуу документтерисиз мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду.

            Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндөгү милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыян аныкталып, мамлекеттик бюджетке толугу менен кайтарылды.

            Учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо туралуу ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.