УКМК: УКМКнын кызматкерлери эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

2022-жылдын 4-6-мартында Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы IV Республикалык Эл аралык «Almaty Open 2022» тапанчадан атуу боюнча мелдешин уюштурду. Мелдешке Казакстан, Орусия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Спортчулар мыкты аткычты аныктап, көнүгүүнүн 13 түрү боюнча күч сынашышты. Мелдештин форматы ок атуучулардын жекече чеберчилигине жана калыстардын объективдүүлүгүнө таянып, куралдын ар кандай түрлөрү боюнча жеке жана командалык мелдеште жеңүүчүлөрдү аныктоо болгон.

Мелдештин жыйынтыгында КР УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды алышты.